Биз менен байланышыңыз

АКШдагы башаламандыктардын кесепетинен киши өлүмү катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Янв 2021 | 1124 | 0

Кечээ, 6-январда АКШ Конгрессинин кош палатасы Жо Байдендин жеңгенин расмий түрдө бекитиши үчүн жалпы отурумга чогулган. Ага карата Дональд Трамптын тарапташтары нааразычылык митингине чыгышкан. Алар Капитолий тарапка багыт алып, басып алуу аракетине өтүштү. Бул учурда Конгресс жыйыны ишин токтотуп, айрым мүчөлөрү имараттан чыгып кетишти. Жыйынды алып барып жаткан вице-президент Майк Пенсти коопсуздук кызматкерлери алып кетишти.

Миңдеген демонстранттар коопсуздук күчтөрүнүн каршылыгына карабай имаратка кирип барышкан. Конгресстин кош палатасынын өкүлдөрү отурган залдын эшиктерин, терезелерин талкалашты. Ошол учурда полиция курал-жарактарын алып чыгып, демонстранттарга Конгресстин имаратынан чыгып кетүүгө буйрук беришкен.

Маалыматтарга ылайык, Конгресстеги атышуудан бир аял жаракат алып, кийинчерээк жергиликтүү ооруканада көз жумган. Мындан тышкары, Капитолий имаратынын сахнасынан кулап кеткен 24 жаштагы жигит ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын абалын оор деп баалап жатышат. Ошондой эле бир нече укук коргоо кызматкерлери жаракат алышты. Алардын бири ооруканага жаткырылды.

Дональд Трамп Капитолийдеги башаламандыктар тууралуу билдирүү жасап, демонстранттарды тынчтанууга чакырды. Ошондой эле ал видеокайрылуу жасап, анда тарапташтарын үйүнө кетүүсүн суранган. Бирок ал президенттик шайлоодогу жеңиши «уурдалганын» кайталады.

Андан кийин шайланган президент Жо Байден да билдирүү таратты. Өзү жашаган Уилмингтон шаарынан тараткан видео кайрылуусунда Вашингтондогу башаламандыкты америкалык демократиялык системага «коркунуч туудурган козголоң» деп атады. Шайланган президент «бул жөн эле макул болбой коюу эмес, бул башаламандык, хаос» деди.

Эскерте кетсек, АКШда Шайлоочулар коллегиясы 2020-жылдын 14-декабрында Жо Байден алдыга чыкканын расмий түрдө ырастаган. Анда демократ Жо Байден добуш берүүчүлөр коллегиясынын 306 добушун алса, Трамп 232 добушка ээ болгон. АКШда президенттик кызматка шайланыш үчүн 270 добуштан көбүнө ээлик кылыш керек.

 

Copyright © 2017 Maral FM