Биз менен байланышыңыз

АКШ парламенти Трампка импичмент жарыялоого даярданууда

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Янв 2021 | 780 | 0

АКШ Конгрессине «Демократтар» партиясынан шайланган конгрессмендер президент Дональд Трампка импичмент жарыялоого даярданып баштады. Бул тууралуу «lenta.ru» жазды.

Маалым болгондой, Американын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси регламент боюнча комитетти президентке импичмент жарыялоо демилгесине даяр турууга чакырды.

Ошондой эле ал: «Президент Трамп тез аранын ичинде отставкага кетет деп ишенебиз. Аны бийликтен кетирүү үчүн Өкүлдөр палатасы бардык мүмкүнчүлүгүн колдонот», — деди.

Эске салсак, 7-январда демократ-конгрессмендер Трампка импичмент жарыялоо боюнча сунуштун документин даярдашкан.

Нэнси Пелосинин билдирүүсү боюнча, Конституцияга ылайык президент өз милдеттерин так аткара албагандыгы үчүн бийликтен токтоосуз четтетилүүсү керек.

Copyright © 2017 Maral FM