Биз менен байланышыңыз

Сыртбай Мусаев: Биздин демократия Батышка ыктап калды

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Фев 2022 | 521 | 0

Тилекке каршы, бүгүнкү күндө биздин демократия – «Батыштын жылаңач либерал демократиясы» болуп калды. Мындай пикирин Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, «Батыш тараткан демократия башка улуттардын менталитетине, жашоо-шартына, дүйнө таанымына, кабылдоосуна шайкеш келеби же келбейби?» деген чоң маселе бар.

Кыргыздар — Чыгыш менталитетиндеги адамдар. Чыгышта адамдын өзгөчө руханий байлыктарына басым жасалса, Батышта материалдык байлыкка көз арткан психология калыптанган.

Мусаев кыргыздар чыгышчыл калк деп баса белгилеп, демократиябызды өзүбүздүн жашоо-шартыбызга жана менталитетибизге жараша сактап калуу зарылчылыгын айтты.

Ошондой эле Батыш тараптын да жакшы жактары бар экенин, бирок кыргыздар алардын терс, бузулган гана жактарын кабыл алып жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM