Биз менен байланышыңыз

Масадыков: Кыргызстан Африканын деңгээлине түшүп баратат

Пикирлер | 21 Ноя 2018 | 1641 | 0

Азыр Кыргызстанга демократиянын кереги жок. Мындай пикирин эл аралык мамилелер боюнча эксперт Таалатбек Масадыков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, демократия менен бир да мамлекет оңолгон эмес. Баары катуу тартип менен өнүккөн.

«Кыргызстандын жаратылышы керемет. Бирок элдин бири-бирине кылган мамилесин, унаа айдаган шопурларды, жолдогу таштандыларды көрүп абдан жийиркенесиң. Өлкө Африканын деңгээлине түшүп бара жатат. Билим тармагында да, медицина жаатында эч өзгөрүү жок. Чоңдор элден чогулган салыкты өздөрүнүн кызыкчылыгына эле жумшап жатканы айтылып жүрөт. Эл дагы эле кечиримдүү болуп, чыдап жатат. Дагы жакшы элибиз чыдамдуу экен», — дейт Масадыков.

Масадыков учурда бийликке же кандайдыр бир органдарга тиешеси жок, жөнөкөй адамдар үчүн Бишкекте жашоо кыйын экенин белгиледи. Ошондой эле эл өз алдынча жашап калганын, өкмөттүн эч кандай жардамы тийбей жатканын айтты.

«Кайда барба, маселелерди мыйзамсыз жолдор менен чечүүгө туура келет. Анткени мыйзамдар менен маселе чечүүгө болбой калды. Коопсуздукту камсыздоо үчүн Кыргызстанды тазалап, экономикалык жана социалдык маселелерди чечсек, элибиз да коркунучтарга жол бербейт. Бирок коом мамлекет менен биримдикте эмес. Нааразы коомду башка нукка буруп кетүү оңой. Ошондуктан маселелерди чечип, тартипти орнотуу зарыл», — дейт Масадыков.

Copyright © 2017 Maral FM