Биз менен байланышыңыз

«Дин жана демократия боюнча конструктивдүү диалогдор» конференциясы болот

Кыска кабар | 13 Дек 2018 | 981 | 0

«Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду менен «International Alert» коомдук уюму биргеликте уюштурган «Дин жана демократия боюнча конструктивдүү диалогдор» долбоорунун үчүнчү жыйыны бүгүн Бишкекте өтөт. Ага эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, диний конфессиялардан, парламент жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Коомдогу диний конфессиялар аралык толеранттуулук жана түшүнүүчүлүк маселесин көтөргөн долбоор буга чейин өткөн жылдын декабрында жана ушул жылы май айында болуп өткөн.

Кошумчалай кетсек, «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду Кыргызстан боюнча диний сабаттуулук, көркөм адеп-ахлак жана билимдүүлүккө чакырган бир катар долбоорлордун үстүндө жигердүү иштейт. Буга чейин Кыргызстандын бардык аймактарында жергиликтүү имамдардын диний сабаттуулугун ачуу максатында үч этаптан турган окутуу өткөрдү.

 

Copyright © 2017 Maral FM