Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын демократиялык деңгээли 6 тепкич артка кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Фев 2021 | 776 | 0

Кыргызстан демократия боюнча дүйнөлүк рейтингде 107-орунду ээледи. Бул рейтингде жалпы 167 өлкөнүн абалы салыштырылган.

Британиядагы «The Economist Intelligence Unit» уюму чыгарган демократия индексине ылайык, «Кыргызстан — Борбор Азия чөлкөмүндө жападан жалгыз авторитардык эмес, бирок авторитаризмге жакындап бараткан мамлекет» катары мүнөздөлдү. Буга 2020-жылдагы Октябрь окуялары себеп болгону айтылган.

Жогорудагы көрсөткүч менен Кыргызстан өткөн жылга салыштырмалуу 6 тепкич артка кеткен.

Рейтингде мамлекеттер «толук демократиялуу», «толук эмес демократиялуу», «гибрид режимдеги», «авторитардык режимдеги» деген төрт топко бөлүнүп каралган. Кыргызстан «гибрид режимдеги» өлкөлөрдүн катарын толуктаган.

Норвегия, Исландия, Швеция, Жаңы Зеландия жана Канада демократиялуу мамлекеттер деп табылган.

Көрсөткүчү эң начар беш өлкө – Чад, Сирия, Борбордук Африка Республикасы, Конго Демократиялык Республикасы жана Түндүк Корея.

Монголия бул тизмеде 61-катардан орун алган. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан 128, Өзбекстан 157, Тажикстан 159, Түркмөнстан 162-орунда.

Copyright © 2017 Maral FM