Биз менен байланышыңыз

«Сары кемселчен венгерлер»: Кулдай иштебейбиз!

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Дек 2018 | 785 | 0

Венгриянын борбору Будапештте он миңдей жаран «Жаңы жылыңыз көңүлдүү өтсүн, Премьер-министр мырза!» деп аталган нааразылык акциясына чыгышты. Алар Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө каршылыгын билдирүүдө. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Жарандардын нааразылыгын жараткан эмгек кодексиндеги өзгөртүү боюнча венгриялык компаниялар жумушчуларынан жылына 400 саатка чейин иштөөсүн талап кыла алат жана ашыкча иштеген эмгегинин акысын 3 жылга чейин кечиктире алат. Мындай шартты митингчилер «кул сыяктуу иштетүү» деп баалап, муну алып салууну талап кылышууда.

Бирок венгер бийлиги мындай өзгөртүү өлкөдөгү жумушчу күчтүн жетишсиздигин ушундай жол менен чечип, бул жарандарга да, ишканаларга да пайдалуу экенин билдирүүдө.

Митингчилер кыштын суугуна карабай жети километрлик жөө жүрүш уюштуруп, мамлекеттик телеканалдын алдына «Жалган фабрикасы» деп, өкмөттүн үйүнүн алдына келгенде «Уурдаба!», «Жаңы жылда мага демократия белек кыл!» деген ураандарды чакырышты. Бул премьер-министр Виктор Орбандын  бийликке келгенден берки эң көлөмдүү каршылык акциясы болду.

Copyright © 2017 Maral FM