Биз менен байланышыңыз

Сыргабаев: Коомдо күчтүү лидерге муктаждык бар

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Фев 2021 | 750 | 0

Коомдо күчтүү лидерге муктаждык бар. Мындай пикирин социология илимдеринин кандидаты, доцент Самарбек Сыргабаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эл «күчтүү лидерге муктажбыз» деп, көптөн бери белги берип келе жатат. Өлкөдөгү саясий окуялардын жыйынтыгы да ушуга байланыштуу.

Сыргабаев АКШдагы президенттик шайлоодон кийин болгон окуяларды Кыргызстандагы саясий окуяларга салыштырып өттү. Кыргызстанда эл күчтүү лидерди күтүп жаткандыктан, АКШнын экс-президенти Дональд Трампты жактагандар кездешерин белгиледи.

«Коомдун күчтүү лидерди каалаган бөлүгү АКШнын экс-президенти Дональд Трампка симпатиясын билдирип жаткан чыгар. Трамп — салыштырмалуу харизмалуу лидер. Анын чечкиндүү, радикалдуу кадамдары симпатияны жаратышы ыктымал. Анткени коомдо күчтүү саясий лидерге суроо-талап бар», — дейт Сыргабаев.

Copyright © 2017 Maral FM