Биз менен байланышыңыз

«Орусиянын постсоветтик өлкөлөрдө таасири азайды»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Фев 2021 | 899 | 0

Орусия Борбор Азияны салттуу түрдө өзүнүн таасир этүүчү чөйрөсү катары эсептеп келген. Бирок бул өлкөлөр менен тыгыз мамиледе болууга активдүү чараларды көргөн жок, болгону кез-кезде кол сунуп коюуда. Мындай пикирин социология илимдеринин кандидаты, доцент Самарбек Сыргабаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Орусия АКШ болобу, Европа болобу, Кытай болобу, «Борбор Азияга кийлигишпегиле, бул — биздин чөйрө» дегендей мамиле кылып келет. Орусия күйүүчү май, энергетика сыяктуу ресурстары менен кармап турат. Бирок системалуу түрдө тең ата мамиле кылбайт.

Орусиянын постсоветтик өлкөлөрдө таасири азайды. Анткени бул жерде башка «оюнчулар» да пайда болду. Маселен, Кытай, Түркия.

«Түркиянын жумшак күч аркылуу таасир этүү күчтөрү: билим берүүсү, маданияты, бизнеси келди. Жумшак күч абдан катуу таасир берет», — дейт Сыргабаев.

Copyright © 2017 Maral FM