Биз менен байланышыңыз

«Вакцина өлкөлөр аралык мамилелердин индикатору болууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Фев 2021 | 504 | 0

Коронавируска каршы вакцина өндүрүү мамлекеттердин ортосундагы мамилени көрсөтүп жатат. Тактап айтканда, вакцина өлкөлөр ортосундагы ымаланын индикатору болууда. Мындай пикирин социология илимдеринин кандидаты, доцент Самарбек Сыргабаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, вакцина алгач вирусту токтотуучу нерсе катары чыгарылып баштаса, учурда өзүн улуу держава катары санаган мамлекеттердин дипломатиялык, геосаясий куралына айланды. Европа, АКШ тарап өзүнүн, Орусия өзүнүн вакцинасын өндүрүүдө.

Вакцианын негизги максаты ооруну токтотуу, бирок ошол эле учурда кошумча функцияны аткарып жатат. Дүйнөлүк оюнчулар ушул максатты да койгон өңдүү.

Вакцина да — таасир этүүнүн жумшак куралы. Эгерде Кыргызстан Орусиянын эмес, Кытай же Батыштын вакцинасын колдонсо, геосаясий кесепеттери болот.

«Орусиянын вакцинасы кадыр-баркын көрсөтүп жатат. Бирок ага карабастан, Евробиримдик вакцинаны каттай элек. Бул — геосаясат, мамлекеттер ортосундагы мамилени да көрсөтүү. Ушундай жагдайда мурда Орусияга каршы маанайда жүргөн мамлекеттер кол сунуп, кызматташалы дегендей да кылып жатышат», — дейт Сыргабаев.

Copyright © 2017 Maral FM