Биз менен байланышыңыз

Сейитбаев: Трамп беделин түшүрүп алды

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Янв 2021 | 862 | 0

Саясат таануу илимдеринин кандидаты Бактыбек Сейитбаев «Маралга» берген маегинде Дональд Трамп АКШнын ички жана тышкы саясатында да беделин түшүрүп алганын билдирди.

Анын айтымында, Дональд Трамп Американы саясий элитанын өкүлү катары башкарып келди. Бирок шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайм дегенинен, акыркы учурлардагы аракеттеринен улам саясаттагы беделин бир топ төмөндөтүп алды.

Эми Трамп саясий күрөшкө аралашам десе, башкаруучу элитанын эмес, оппозициячыл элитанын өкүлү болот.

«Башкаруучу элитанын ичине саясий, экономикалык, бюрократиялык, аскердик, жана идеологиялык элита кирет. Башкаруучу элитага татыктуу бирок, бийликке жете албай жаткандар оппозициячыл элитанын катарын толуктайт. Трамптын башкаруучу элиталар менен бир пикирге келе албашына америкалыктар да өзгөрүүнү күтүп, жаңы лидерди каалоосу себеп болду. Мындан тышкары пандемиядагы кризис да терс таасирин тийгизди», — дейт Сейитбаев.

Copyright © 2017 Maral FM