Биз менен байланышыңыз

«Депутаттардын саны 90-120нын тегерегинде болушу кажет»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Янв 2021 | 1239 | 0

Парламентте бизнестин өкүлдөрү басымдуулук кылып жаткандыктан, алар акчасыз тура албайт. Чыгашаларын жаптырышы керек болот. Мындай пикирин саясат таануу илимдеринин кандидаты Бактыбек Сейитбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Биз парламентаризмге өтөбүз деп аракет кылып көрдүк. Бирок олигархиянын темир мыйзамы орноп алып, эл менен саясий элита өз-өзүнчө калды. Парламентке барып отурууга татыктуу болгон айрым инсандар четте калып калды. Аймактарда кадыр-барктуу, элге эмгеги сиңген жарандарга да мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Парламент эки палаталуу болсо, депутаттардын санын көбөйтүүгө болот. Бизде бир палаталуу болгондуктан, депутаттардын санын кескин азайтууга болбойт. Анткени мындайда эл өкүлдөрү президенттин иштерин аткарып жүрө беришет», — дейт Сейитбаев.

Ал белгилегендей, депутаттардын саны 90-120нын тегерегинде болушу кажет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM