Биз менен байланышыңыз

Дональд Трамп канча пенсия алары белгилүү болду

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Янв 2021 | 7657 | 0

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп жылына 221,4 миң доллар (айына 18,45 миң доллар) пенсия жана социалдык жөлөк пул алууга укуктуу. Бул тууралуу «CNN» сайты жазды.

1958-жылы кабыл алынган «Экс-президент жөнүндө» Федералдык мыйзамга ылайык, артыкчылыктар импичмент жарыялангандыгы үчүн кызматтан кетпеген, кылмыш жасагандыгы үчүн сот жообуна тартылбаган мурунку президенттерге гана берилет.

Трампка импичмент жарыялоо анын кызматтык мөөнөтү аяктаган маалга туш келгендиктен жана акырына чейин иштегендиктен, экс-президент макамы сакталып кала берет. Ал пенсияга чыккандан тышкары, көзү өткөнгө чейин жансакчылар менен камсыздалышы мүмкүн. Аны жана жубайы Мелания Трампты коргоо үчүн мамлекеттик бюджеттен жылына болжол менен 1,5 миллион доллар бөлүнүшү ыктымал.

Трамп ошондой эле АКШда кеңсе ачып, кызматкерлерди жалдай алат. Кызматкерлерге федералдык бюджеттен жарым-жартылай эмгек акы төлөнөт.

Экс-президент жана анын эки жардамчысынын сапарлары үчүн жылына 1 миллион долларга чейин бөлүнүп турат.

Copyright © 2017 Maral FM