Биз менен байланышыңыз

«Байден тышкы саясатта Трамптан айырмаланып турат»

Жо Байден тышкы саясатта Дональд Трамптан айырмаланып турганын көрсөтө алды. Мындай пикирин саясат талдоочу Игорь Шестаков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Трамп Американын ички аудиториясынын президенти болду. Ал АКШда саясий күн тартипти өзгөрттү.

Экс-президент Барак Обама көбүрөөк сырткы саясатка маани берсе, Трамп ички көйгөйлөрдү чечүүгө артыкчылык берди. Трамп 7 миллиондон ашуун жумуш орундарын түздү. Бул анын шайлоо алдындагы убадаларынын бири болчу.

Шестаков пандемияны жеңүү жеке президенттен көз каранды эместигин, өлкө жетекчилерин илдеттин өөрчүшүнө байланыштуу баалоо жаңылыш пикир экенин кошумчалады.

Эске салсак, АКШда 3-ноябрда президенттик шайлоо өткөн. Анда алдын ала жыйынтыкка ылайык, Жо Байден жеңишке жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM