Connect with us

Байден Трамптын импичментине байланыштуу ишти узартпоону үндөдү

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Янв 2021 | 567 | 0

АКШ президенти Жо Байден Сенаттагы көпчүлүктү Дональд Трамптын импичментин созбоого чакырды. Бул тууралуу «The Hill» сайты жазды.

«Трампка импичмент жарыялоо процессине байланыштуу Сенаттагы Демократтар партиясынын мурдагы лидерлерине Байдендин жолдогон кайрылуусу айдан ачык: жараян кыска болуп, күн тартиби үзгүлтүккө учурабашы керек», — деп жазат басылма.

Маалыматтарга караганда, Байден Трамптын импичментине эч качан кубанган эмес. Ал ар дайым Сенаттагы угуулар жаңы администрацияга чиновниктерди дайындоо процессине тоскоол болорун билген.

Эске салсак, мурдагы президент Дональд Трамптын тарапташтары 6-январда өлкөдө козголоң чыгарып, Капитолийди басып алышкан. Мындан улам козголоңчулар менен күч түзүмдөрүнүн ортосунда кагылыш чыгып, 5 адам каза таап, бир нече адам жаракат алган. Бул окуяга АКШ Конгресси Дональд Трампты айыптап, Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси 13-январда «Трампка импичмент жарыялоо жөнүндө» декларацияны жалпы жыйынга алып чыгып, ал көпчүлүк добуш менен кабыл алынган. Андан соң декларацияны Сенаттар палатасына жөнөтүшкөн.

Эгер «Дональд Трампка импичмент жарыялоо жөнүндө» декларация Сенаттар тарабынан колдоо тапса, анда мурдагы президент кийинки мөөнөткө талапкерлигин коюу жана мамлекеттик кызматтарда иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылат.

Copyright © 2017 Maral FM