Биз менен байланышыңыз

АКШда президенттик өнөктүк: фактылар жана сандар 

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 522 | 0

АКШда президенттик шайлоо өнөктүгүнүн аякташына бир жума калды. 3-ноябрда шайлоочулар өздөрү тандаган талапкерге добуш беришет. Шайлоо өнөктүгүнө ким канча коротту, кимдин мүмкүнчүлүгү жогору?

«Республикачылар» партиясынан экинчи мөөнөткө шайланууга аттанган учурдагы президент Дональд Трамп 74 жашта. Эгер ал президент болуп кайрадан шайланып келсе, вице-президенттик кызматка 61 жаштагы Майкл Пенс дайындалат.

Ал эми «Демократтар» партиясынан талапкер болуп катталган Джо Байден 77 жашта. Ал вице-президенттикке 56 жаштагы Камала Харристи көрсөтүүдө.

Быйылкы шайлоонун өзгөчөлүктөрү:

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу америкалыктардын көпчүлүгү почта аркылуу добуш беришет. Акыркы маалыматтарга ылайык, 50 миллиондон ашуун шайлоочу ушундай жол менен добуштарын беришти. Кээ бир штаттарда почта аркылуу добуш берилсе, айрымдарында бюллетендер бардык шайлоочуларга жөнөтүлүп, добуш берүүнү шайлоочулар өздөрү чечишүүдө.

Шайлоонун акыркы жыйынтыктары почта аркылуу добуш берүүгө байланыштуу кечиктирилиши мүмкүн. Себеби мындай жол менен берилген добуштарды саноо кыйынчылык жаратат. Биринчиден, кээ бир штаттарда кыска убакыттын ичинде бардык рекорддорду ачуу үчүн инфраструктура же кызматкерлер жок. Ошондой эле, штаттын айрым мыйзамдарына ылайык, почта аркылуу берилген добуштарды добуш берүү күнүнө чейин эсептөөгө болбойт.

Талапкерлердин шайлоо алдындагы убадалары:

Экономика

Трамп

  • Юридикалык жактардын киреше салыгынын көлөмүн азайтууга багытталган реформаларды улантуу;
  • АКШнын чет өлкөлөрдөгү өндүрүшүн өлкөгө кайтарып берүү үчүн кошумча салык жеңилдиктерин киргизүү;
  • Бизнестеги, айрыкча энергетика тармагындагы координациялык чараларды либералдаштыруу;
  • Жаңы президенттин алгачкы 10 айында 10 миллион жумуш орун түзүү;

Байден

  • Жылдык кирешеси 400 миң доллардан ашкан үй чарбалары жана корпорациялар үчүн салыктын көлөмүн жогорулатуу;
  • Минималдык эмгек акыны саатына 15 долларга чейин көтөрүү;
  • Он жыл аралыгында инфраструктураны жаңыртууга 1,5 триллион доллар бөлүү;
  • Америка Кошмо Штаттарына жумуш орундарын кайтаруу боюнча чараларды көрүү;
  • Профсоюздардын таасирин күчөтүү жана эмгекчилерди кесиптик биримдиктерге тартуу;

Коронавируска каршы күрөш

Трамп

  • Экономиканын токтоп калуусунун алдын алуу;
  • 2020-жылдын аягына чейин вакцина өндүрүшүн баштоо;
  • Вирусту жайылтканы үчүн Кытайды жоопко тартуу;

Байден

  • Санитардык талаптарга ылайык ишканаларды ачуу;
  • Коронавирусту текшерүүгө жана ооруларды дарылоого мамлекеттик чыгымдарды көбөйтүү;
  • Ооруну көзөмөлдөө кызматын түзүү;

Тышкы саясат

Трамп

  • Кытайга салынган тарифтерди сактап, Кытай менен пайдалуу соода келишимин түзүү;
  • Жакынкы Чыгыштагы жана Европадагы АКШ аскерлеринин санын кыскартуу;

Байден

  • Трамп тарабынан Кытайга киргизилген импорттук бажы алымдарынын натыйжалуулугун талдоо;
  • Улуттар аралык кызматташтык жөнүндө реформаланган келишимге кошулуу мүмкүнчүлүгүн изилдөө;
  • Иранды АКШ менен келишимге кайтаруу;
  • Европадагы жана НАТОдогу союздаштар менен мамилени жакшыртуу;

Орусия менен мамилелер

Трамп

  • Орусия жана Кытай менен куралдарды көзөмөлдөө боюнча жаңы келишимге кол коюу;
  • Европа өлкөлөрүнүн Орусиянын энергетикасына көз карандылыгын азайтуу боюнча чараларды көрүү;
  • Nord Stream-2 газ куурун куруу долбоорун ишке ашырууга тоскоолдук жаратуу;

Байден

  • Ракеталардын санын кыскартуу боюнча Орусия менен келишимдин мөөнөтүн узартуу;
  • Оппозиция лидери Алексей Навальныйдын ууланышы үчүн Орусияны жоопко тартуу;

Трампка ким добуш берет?

  • 50–65 жаштагылар;
  • Эркектер;
  • Орто билимдүүлөр, колледждин кээ бир бүтүрүүчүлөрү;
  • Үй-бүлөлүүлөр;
  • Айыл калкы;
  • 2016-жылы Дональд Трампка добуш бергендер;

Байденге ким добуш берет?

  • 18–49 жаштагылар;
  • Айымдар;
  • Атеисттер;
  • Колледжди аяктаган жана жогорку билимге ээ жарандар;
  • Бойдоктор;
  • Ири шаарлардын тургундары;
  • 2016-жылы Хиллари Клинтонго добуш бергендер;

Талапкерлердин шайлоо алдындагы чыгымдары:

Трамп

1,57 миллиард $ топтолду, 1,49 миллиард $ сарпталды: маалымат каражаттарына чагылдыртуу үчүн — 221 миллион $, интернет жарнама үчүн — 219 миллион $.

Байден

1,51 миллиард $ топтолду, 1,29 миллиард $ сарпталды: маалымат каражаттарына чагылдыртуу үчүн — 237 миллион $, интернет жарнама үчүн — 143 миллион $.

АКШда президенттик шайлоо кандай өтөт?

АКШнын шайлоо тутумунун уникалдуулугу — жеңүүчүнү шайлоочулар эмес, шайлоочулар тобу аныктайт. Башкача айтканда, эки баскычтуу система бар: шайлоочулар шайлоо участокторунда партиялар көрсөткөн талапкерлерди тандашат, бирок акыркы сөздү штаттардын шайлоочулар тобу 14-декабрда айтышат.

538 шайлоочу  тобу бар жана жеңишке жетүү үчүн 270 добуш керек.

Шайлоочулар тобунун саны ар бир штаттын калкынын санына жараша бөлүштүрүлөт — калктын саны эң көп болгон Калифорнияда 55 шайлоо тобу бар. Экинчи ири штат болгон Техас штатында 38, Нью-Йорк менен Флоридада 29 шайлоочу тобу бар.

Штаттагы шайлоочулар тобунун добуштары «жеңүүчү баарын алат» принцибинин негизинде аныкталат. Эгер Техаста Трамп көп добуш алса, ал штаттагы бардык шайлоочулар тобу (38 адам) ага добуш бериши керек.

ХХ кылымдын башынан бери штаттын тургундары колдогон талапкерге 15 гана шайлоочу тобу добуш берүүдөн баш тарткан. 2016-жылы мындай шайлоочулар тобу жетөө болгон. Алар добуштарын Мамлекеттик департаменттин мурдагы башчысы Колин Пауэллге, сенатор Берни Сандерске жана шайлоого катышпаган башкаларга беришкен.

Эки штатта гана — Мэн жана Небраскада — «жеңүүчү баарын алат» » эрежеси жок. Мэн штатында шайлоочулардын эки добушу штат боюнча эң көп добуш алган талапкерге, дагы эки добуш ар бир шайлоо округунда жеңип чыккан талапкерге берилет.

Небраскада ушундай эле система бар, болгону ал жактагы айрым округдардын саны үчкө, натыйжада ошол штаттан келген шайлоочулардын жалпы саны бешке жетет. Дагы бир өзгөчө жагдай — бул: Колумбиянын Федералдык Округу, ал штат эмес, бирок шайлоочуларда үч добушка ээ.

Copyright © 2017 Maral FM