Биз менен байланышыңыз

Байден: НАТО Трамп президент болуп турса жок болот

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Фев 2020 | 507 | 0

“АКШ НАТОну Чыгыш Европада Орусияга каршы туруу үчүн, биримдикти сактоо үчүн колдошу керек”. Мындай пикирин АКШ президенттигине Демократиялык партиянын атынан талапкер болуп жаткан АКШнын мурунку вице-спикери Жозеф Байден билдирди. Ал бул сөзүн 7-февраль күнү Нью-Йорк штатындагы Манчестр шаарындагы Ыйык Ансельма коледжинде сүйлөдү. Көрсөтүүнү АВС телекомпаниясы камсыз кылган.

-Эгерде биз Трампты шайлоодо жеңбесек, НАТО ыдырап кетет. Ошондуктан НАТО үчүн реалдуу коркунуч бар. НАТО бизге коопсуздугубузду камсыз кылуу үчүн гана эмес, ал бизге Чыгыш Европада Орусия мурдагыдай болуп өзүнүн таасирин арттырып жибербеш үчүн керек, — деди.

Copyright © 2017 Maral FM