Биз менен байланышыңыз

Байден Трамп кызматтан кетиши керектигин айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Сен 2020 | 526 | 0

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөштөгү кемчиликтер үчүн кызматынан кетиши керек. Бул тууралуу  Демократиялык партиянын атынан президенттикке талапкер Жозеф Байден билдирди.

Анын ою боюнча, Трамп пандемия менен күрөштө биржалык соода жана экинчи мөөнөткө шайлануу идеясынын негизинде гана иш алып барууда.

Трамп башынан бери коронавирустук инфекциянын коркунучун төмөндөтүп көрсөткөн.

«Бирок ал мунун баарын билген жана эч кандай чара көргөн жок. Бул дээрлик кылмыш», — деди Байден.

Ал белгилегендей, дүйнө жүзү боюнча адамдар Дональд Трампка караганда Орусия менен Кытайдын лидерлерине көбүрөөк ишенишет.

«Pew Foundation тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжаларын көрүү жетиштүү», — деди ал.

Вашингтондогу Пью изилдөө борбору (Pew Research Center) тарабынан 13 мамлекетте 13,2 миң адам катышкан сурамжылоого ылайык, респонденттердин 23 пайызы Владимир Путинге, 19 пайызы Си Цзиньпинге ишенич артышкан. Сурамжылоого катышкандардын 16 пайызы Дональд Трампка ишенерин билдиришкен.

Сурамжылоодо Германиянын канцлери Ангела Меркел 76 пайыз менен эң жогорку рейтингде. Андан кийин Франциянын президенти Макрон (64 пайыз) жана Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон (48 пайыз) турат.

Copyright © 2017 Maral FM