Биз менен байланышыңыз

Президент тартип комиссиясынын төрайымын кабыл алды

Кыска кабар | 15 мая 2020 | 668 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-майда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын төрайымы Нургүл Бакированы кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттнын маалымат кызматы билдирди.

Тартип комиссиясынын учурдагы ишмердүүлүгү, белгиленген пландар жөнүндө маалымат берилди.

Комиссияга келген кайрылууларды кароонун жыйынтыгында 223 кайрылуу боюнча судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган, алардын ичинен 18 судьяга сөгүш, ал эми 155 судьяга алдын ала эскертүү, 42 судьяга эскертүү берилген.

Кынтыксыз болуу талаптарынын бузулушуна байланыштуу 8 судьяга карата мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Мамлекет башчысы Тартип комиссиясынын судьялар корпусунун тазаланышында, жалпысынан сот системасына ишенимди бекемдөөдө өзгөчө ролуна токтолду.

Президент судьялардын аракеттерине карата түшүп жаткан жарандардын кайрылуулары боюнча талаптарды күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Тартип комиссиясынын ишиндеги бейтараптыкты жана анын ишмердүүлүгүн санариптештирүүнү камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурду.

2017-жылы түзүлгөн бул комиссия Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык түзүлгөн, көз карандысыз коллегиалдуу орган болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM