Биз менен байланышыңыз

Нургүл Бакированын кызматтан кетүү боюнча арызын депутаттар колдоду

Кыска кабар | 2 Фев 2022 | 210 | 0

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакированын арызы каралды.

Кызматтан кетүү арызын Нургүл Бакирова өзү жазып, аны Жогорку Кеңешке Судьялар кеңешинин макулдугу, президент Садыр Жапаровдун сунушу менен киргизилген.

Жыйынтыгында парламент арызды колдоп, 79 депутат «макул» болду.

Бул арыз кечээ Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинин жыйынында каралып, комитеттен да колдоо тапкан.

Нургүл Бакирова кызматтан кетүү боюнча арызды 31-январда өз эрки менен жазган.

Ал Жогорку Соттун жетекчилигине 2018-жылдын 23-май дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM