Биз менен байланышыңыз

Түнкү клубтарды жабуу маңзат менен күрөшүүнү жеңилдетеби?

Коом | 6 мая 2024 | 361 | 0

Өткөн жуманын аягында Ички иштер минстрлиги жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринде ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, андагы коноктордун арасында баңги заттарды сатуу жана колдонуу фактыларын аныктаган. Натыйжада ал түнкү клуб жабылган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев түнкү клуб иштеткендерге кайрылып, баңгизаттардын жайылышына жол бербөөгө чакырган.

Талдоочулар түнкү клубдарга эскертүү берүү менен маңзат күрөшүнөн майнап чыкпай турганын айтышат. Андан көрө дарыканаларды, маңзат саткандарды, алып келгендерди көзөмөлдөө керектигин белгилешүүдө.

Ушул жылдын 4-майына караган түнү Ички иштер минстрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Бишкек шаарындагы түнкү клубтардын бирине рейд жүргүзүп, натыйжада мекеме жабылды. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө түнкү клубдун конокторунан белгисиз түркүн түстөгү таблеткалар, ошондой эле белгисиз жыты жок суюк зат салынган бөтөлкөлөр табылганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Клубга келгендердин өздүгүн ырастоочу документтерин текшерүүдө төмөндөгүлөр аныкталды: республиканын жогорку окуу жайларында окутуучу волонтер болуп иштеген чет мамлекеттердин жарандары экендиги аныкталган.

Баңгизатын колдонгон деп шектелген түнкү клубдун коноктору жана кызматкерлери Республикалык наркология жана психиатрия борборуна медициналык текшерүүгө жеткирилди. Жеткирилгендер синтетикалык баңги затын колдонгондорун ачык айтышты.

Тергөө иш-чараларын жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн ички иштер органдарына клубдун администраторлору, тейлөө кызматкерлери жана коноктору жеткирилди.

Алынган заттар Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик экспертиза борборунун эксперттерине жөнөтүлдү. Учурда түнкү клубдун иштөөсү токтотулуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат, жыйынтыгы менен түнкү клубдун ээсине карата процессуалдык чечимдер кабыл алынат».

Мындан бир канча күн мурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев түнкү клуб ээлерине баңгизат боюнча эскертүү берген. Ал акыркы учурда түнкү клубдардан баңи зат табылып, алардын көпчүлүгү синтетикалык маң зат экенин, жаштардын арасында маң заттын бул түрүн колдонгондор көп экендигин жазган.

«Тилекке каршы, акыркы убакта өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө түнкү клубдардан маң заттары (көбүнчө синтетикалык кошулмалар) алынып, ал туурасында жалпыга маалымдоо каражаттарында маалымдалып келет.

Жаштарыбыздын саламаттыгына кам көрүү багытында иштерди дагы да күчөтүү максатында түнкү клубдарды иштеткендерге, алардын ээлерине да эскертүү!

Баңги заттарынын кайсыл түрү болбосун клубдарга кирүүсүнө, ал жакта таркатылып, сатылуусуна жол бербегиле! Эгерде ошондой учурлар катталса мыйзам чегинде жоопко тартыласыздар. Клубду иштеткендер дагы, анын кожоюндары дагы».

Активист Эржан Кайыпов түнкү клубдарды жабуу менен маңзат менен күрөшүү мүмкүн эместигин, алгач маң затты чыгарган же саткан тараптар менен күрөшүү керек деген ойдо.

«Түнкү клубдарды жабуу менен маңзаттар менен күрөшүү бири-бирине барабар эмес болуп калат деп ойлойм. Албетте, түнкү клубдарда ичимдик ичилет, маңзаттар да колдонулушу мүмкүн. Бирок маңзаттар менен күрөшүүдө баңгизаттын булагын издеп, ким, кайсы жактан алып келип сатып жатат, кайда сатып жатат деген сыяктуу булактарды табуу керек. Алардын ичинде түнкү клубтардан издеп тапса болот, бирок түнкү клубду жаап салуу керек деген канчалык туура? Эгер түнкү клуб мыйзамдуу ишкерлик жүргүзүп, салыктарды төлөп жаткан болсо жабуу мыйзамсыз болуп калат. Анткени, ал жердин администрациясы ар бир келген адамдын чөнтөгүн карап, жеке буюмдарын көзөмөлдөй албайт. Эгер ачык эле колдонулган болбосо. Бирок эч бир жерде ачык колдонулбайт. Аны колдоном деген адам түнкү клуб болобу же чайхана жана башка жерлерде да колдонуусу мүмкүн же ал жерлерге бараардан мурда да колдонуп барышы мүмкүн”.

Бирок түнкү клубдун кызматкерлери келген конокторго маңзат колдонууга кандайдыр бир жардам берсе, анда кызматкерлерине тиешелүү чаралар колдонулушу керектигин кошумчалды.

ИИМдин ардагери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков маңзат менен күрөшүү бир топ жылдан бери жүрүп келгенин айтат. Ал аны толугу менен жок кылып салуу мүмкүн эместигнин, бирок деңгээлин төмөндөтсө болоорун белгиледи.

Эң негизгиси алгач коопсуздук кызматкерлеринин арасында маң зат менен курөшүп жүрүп, өздөру кирип кеткен кызматкерлер да бар экендигин, алгач ошолор менен күрошүү керектигин кошумчалады.

«Баңги зат менен бир канча жылдан бери күрөшүп келе жатабыз. Бирок тиешелүү органдар жакшы иш алып барып, баңгизаттын деңгээлин түшүрсө болот. Эмне себептен баңгизат колдонгондор көбөйүп кетти? Коопсуздук кызматкерлердин арасында, баңгизат менен күрөшүүдө мыкты деген кызматкерлер өздөрү кирип кеткен учурлар да болгон. Алар оңой акча табуунун жолун издеп, ошондой иштерге барып келишет. Бул бүгүн эле пайда болуп калган маселе эмес. Коопсуздук кызматкерлерин алып жатканда аларды тыкыр текшерүү керек».

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети  25 жашка чейинки жарандардын арасында синтетикалык баңгизатты колдонгондордун саны көбөйүп жатканы, аны жоюу максатында тиешелүү иштер жүрүп жатканын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM