Биз менен байланышыңыз

Муфтият блогер Айнура Сагынбаеванын айткан пикири боюнча билдирүү таратты

Кыска кабар | 6 мая 2024 | 2121 | 1

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Айнура Сагынбаева аттуу интернет колдонуучунун диний багыттагы айткан пикирлери боюнча билдирүү таратты.

Анда «Айнура Сагынбаева аттуу интернет колдонуучунун диний багыттагы айткан пикирлери Ислам динин ачык бурмалоого жатат. Анын коомдун, өзгөчө жаш өспүрүмдөрдүн адеп-ахлактык баалуулугуна каршы билдирген ойлору орунсуз. Сагынбаеванын ислам эрежелери жана нарк-насил нормаларына туура келбеген пикирлери көпчүлүктү тынчсыздантууда. Анткени кээ бир ойлору ыймандан ажыроого алып барат», — деп айтылат.

Муфтият эгер аталган жаран шарият негиздерине жана улуттук наркка сыйбаган субъективдүү ойлорун айтууну токтотпосо, тиешелүү органдарга кайрылууга мажбур болорун да эскерткен.

Айнура Сагынбаева — адистиги дарыгер, косметолог. Социалдык тармактарда блогер катары сексопатология боюнча сабактары менен таанымал. Ал жакында эле Тикток баракчасына видео жарыялаган. Анда ал сексуалдык жашоону жаңы баштап жаткан улан-кыздарга багытталган атайын окутуусун жарнамалаган. Жарнамалоо учурунда Исламда тыюу салынган никесиз жыныстык катнашка баруу темасында кеп салып, «эркектер үчүн көп убакыт жыныстык катнашка барбоо ден соолугуна зыян. Мындан улам ар кайсы нерсеге ишенбей, ден соолугуңарга кам көргүлө, никесиз жыныстык катнашка баруу күнөө эмес. Болгону сактануу жолдорун эске алгыла. Эң негизгиси адам болгула», — деген билдирүү жасаган.

Блогер Сагынбаеванын бул билдирүүсү социалдык тармактарга сын-пикирге жол ачкан.

Кыргызстан калкынын канча пайызы ислам динин карманат?

1 пикир

1 пикир

  1. Чынар

    06.05.2024 13:57

    70% менимче.Ислам тушунгөн инсанга өзгөруусуз мыйзам.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM