Биз менен байланышыңыз

«Комуз — кыргыздын үнү». Коомдук ишмерлердин, комузчулардын пикири кандай?

Коом | 6 мая 2024 | 378 | 0

Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына «Рух Ордо» туристтик комплексинде салынып жаткан комуз тибиндеги пирстин формасы жана айнектен боз уй тибиндеги ресторандын курулушу боюнча сурамжылоо жасаган пост жазган. Анда элдин пикирин билүү үчүн талкууга койгонун айткан. Өлкө башчынын сурамжылоосу учурда социалдык түйундөрдө кызуу талкуу жаратууда. Белгилүү комузчулар, айрым коомдук ишмерлер жана социалдык тармактын айрым колдонуучулары улуттук баалуулукка мындай мамилени ыраа көрбөйт жана бара-бара калпак ж.б сыяктуу баалуулуктар да тебеленет деп эсептейт. Ошондой эле руханий азык алынуучу жайга ресторан ачылышын каалабагандар да бар.

Айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, академик, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер, ырчы, обончу Жамин Акималиев комузду 70 жылдан бери чертип келет. Ал комуз формасында пирстин курулушуна каршы экенин айтты. Ал комуз герб, туу сыяктуу эле кыргыздын эн белгилеринин бири деп эсептейт. Комуз төрдө ардакталып гана илинип турганы туура деген ойдо. Ошондой эле «Рух Ордо» маданий этнокомплексин курган коомдук ишмер Ташкул Керексизов менен тааныш болгонун айтып, аталган жай кандай максатта салынганын айтып берди.

«Өлкө башчынын эл менен кеңешип иш кылганы эң туура деп эсептейм. Мындан ары да эл менен кеңешип иш кылса, ишибиз алдыга жылат. Ал эми комуздун үлгүсүндө пирс салып, эл тамак-аш ичип аны тепсеп жүрүүсүнө караманча каршымын. Себеби, комуз — кыргыз дегенди түшүндүрөт. Комуз азыркы биздин туудай, гербдей болгон кыргыздын белгиси. Комуз — кыргыз улутунун үнү. Кыргыздын тарыхын камтыган аспап эч качан жерде жатпашы керек. Комплексти  курган Ташкул Керексизовду абдан жакшы таанычумун. Ал ички дүйнөсү бай адам болгон. «Рух Ордону» курганынын башкы максаты — Ысык-Көлдүн көркүнө чыгаруу болгон. Көлдүн жээгинде кыргыз улутунун тарыхына, салтына байланышкан рухий эстелик калсын деген таризде салган».

Устат комузчу, КРнын Эл артисти Намазбек Уралиевдин айтымында комуз кыргыздын тарыхын камтыган аспап, ошондуктан пирстин комуздун формасында болушуна каршы.

«Мен бул курулушту колдобойм. Кыргыздын салтын, баалулугун сыйлабоого жатат. Комуздан башка фигуралар арбын, башка нерсенин сөлөкөтүндө жасай берсин. Кыргыз өзүн мазактаганга барабар болуп калат».

Элдик Курултайдын туңгуч төрагасы, коомдук ишмер Кадыр Кошалиев “Рух Ордо” туристтик жайына ресторан салынуусуна каршы.

««Рух Ордо» маданий комплекси өкмөттүн карамагына өткөнү жакшы иш. Аты айтып тургандай эле ал руханий  борбор болгондон кийин, ошого жараша жай болушу керек деп эсептейм. Ансыз да, ашканалардын өлкөсү болуп кеттик. Ресторан, кафе жетиштүү. Комузду «Рух Ордонун» төрүнө, түндөсү шамчырактай жанып тургандай кылып жасап койсок туура болот. Аталган комплекстин эн белгисин комуз кылып, ал эми пирске бара турган жерди шырдак кылып, боз үйдүн ичин заманбап маалымат алуу мүмкүн боло турган жай кылса деген оюм бар». 

Ал эми президент Садыр Жапаров Фейсбукка жарыялаган сурамжылоого да көптөгөн белгилүү адамдар пикир калтырган. Алардын арасынан ырчы Сыймык Бейшекеев демилгени колдой турганын билдирген.

Акын Бердибек Жамгырчиевдин бул демилгени колдобой турганын айткан комментарийи 200дөн ашык колдоо тапкан.

Манасчы Замирбек Баялиев президенттин бул сунушун колдогон эмес.

Дагы бир манасчы Талантаалы Бакчиев комуз формасындагы пирстин курулушун колдоп пикир жазган.

Дагы башка пикирлерде “пирстин комуз формасында болору, боз үй тибиндеги айнек ресторандан мурун, Ысык-Көлдүн экологиялык абалын ойлонуу керек” – деп жазгандар да бар.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров,  “жок” дегендер көптүк кылып кетсе анда долбоорду дароо өзгөртүп коюу маселе эмес экенин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM