2024-жылдын төрт айында Кыргызстандан 42 238 баш бодо мал экспорттолгон. Мындан тышкары, 35 225 баш кой-эчки экспорттолгон.
Ошондой эле 3 533 баш жылкы чыгарылган.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, бодо малдын импорту 4572 баш, кой-эчкинин импорту 70 баш, жылкы – 1484 баш.