Биз менен байланышыңыз

«Акылман» президенттик лицейине кабыл алуу башталды (шарттары)

Кыска кабар | 6 мая 2024 | 8993 | 29

«Акылман» президенттик лицейи 2024-2025-окуу жылына карата жаңы окуучуларды кабыл алууну баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

«Акылман» президенттик лицейинде окууну каалаган бардык 6-класстын жана 8-класстын окуучулары катыша алат.

6-класстар 7-класстан баштап өз окуусун лицейден улантат.

8-класстар 9-класстан баштап өз окуусун лицейден улантат.

Кандай талаптар бар?

  • Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында азыркы учурда 6-класс же 8-класста окуусу;
  • Кыргызстандын жараны болуусу;
  • «Жакшы», «эң жакшы» деген баага окуусу, башкача айтканда, ударник же отличник болуусу.

Бул талаптарга жооп берген окуучулардын бардыгы конкурстук тандоого катышып, өз күчүн сынай алышат.

Себеби, дал ушул баракчаларда exam.edu.kg сайтына катталуу боюнча көрсөтмөлөр, оффлайн тестирлөө жана конкуртук тандоо боюнча толугураак маалыматтар байма-бай жарыяланып турмакчы.

Конкурстук тандоо үч этаптан турат.

6-класстын окуучулары үчүн:

10-майга чейин онлайн тестирлөөгө катышуу үчүн exam.edu.kg сайтына катталуу зарыл;

  • 1-тур: 11-майдан 16-майга чейин онлайн тестирлөө;
  • 2-тур: 20-майдан 24-майга чейин онлайн тестирлөө;
  • 3-тур: 27-майдан 2-июнга чейин оффлайн тестирлөө, ар бир 7 облуста жеринен өткөрүлөт.

3-турдун жыйынтыгы боюнча, 6-класстар арасынан лицейде окууга эң жогорку балл алган 72 окуучу кабыл алынат.

Конкурстук этаптын үчүнчү этабы: 

6-класстын окуучулары үчүн.

3-тур бул – оффлайн тестирлөө жана ал ар бир 7 облуста жеринен өткөрүлөт:

  • Баткен облусундагы талапкерлер үчүн 27-майда Кызыл-Кыя шаарында, саат 14:00дө;
  • Ош облусундагы жана Ош шаарындагы талапкерлер үчүн 28-майда Ош шаарында, саат 14:00дө;
  • Жалал-Абад облусундагы талапкерлер үчүн 29-майда Жалал-Абад шаарында, саат 14:00дө;
  • Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы талапкерлер үчүн 30-майда Бишкек шаарында, саат 14:00дө;
  • Талас облусундагы талапкерлер үчүн 31-майда Талас шаарында, саат 14:00дө;
  • Нарын облусундагы талапкерлер үчүн 1-июнда Нарын шаарында, саат 14:00дө;
  • Ысык-Көл облусундагы талапкерлер үчүн 2-июнда Каракол шаарында, саат 14:00дө өткөрүлөт.

Ал эми 8-класстын окуучулары 15-майдан 25-майга чейин онлайн тестирлөөгө катышуу үчүн exam.edu.kg сайтына катталуу зарыл;

  • 1-тур: 1-июндан 6-июнга чейин онлайн тестирлөө;
  • 2-тур: 10-июндан 14-июнга чейин онлайн тестирлөө;
  • 3-тур: 18-июндан 22-июнга чейин оффлайн тестирлөө, ар бир 7 облуста жеринен өткөрүлөт.

3-турдун жыйынтыгы боюнча, 8-класстар арасынан лицейде окууга эң жогорку балл алган 48 окуучу кабыл алынат.

3-тур бул – оффлайн тестирлөө жана ал ар бир облуста өткөрүлөт:

  • Баткен облусундагы талапкерлер үчүн 18-июнда Кызыл-Кыя шаарында, саат 14:00дө;
  • Ош облусундагы жана Ош шаарындагы талапкерлер үчүн 19-июнда Ош шаарында, саат 14:00дө;
  • Жалал-Абад облусундагы талапкерлер үчүн 20-июнда Жалал-Абад шаарында, саат 14:00дө;
  • Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы талапкерлер үчүн 21-июнда Бишкек шаарында, саат 14:00дө;
  • Талас облусундагы талапкерлер үчүн 22-июнда Талас шаарында, саат 14:00дө;
  • Нарын облусундагы талапкерлер үчүн  23-июнда Нарын шаарында, саат 14:00дө;
  • Ысык-Көл облусундагы талапкерлер үчүн 24-июнда Каракол шаарында, саат 14:00дө өткөрүлөт. 

Конкурстук тандоонун биринчи жана экинчи этабында математика, логика, кыргыз тили, орус тили, жана тарых сабактарынан тестирлөө болот.

Ал эми конкурстун үчүнчү этабында математика, логика, кыргыз тили, англис тили сабактарынан тестирлөө болмокчу.

29 пикир

29 пикир

  1. Роза

    06.05.2024 14:51

    Саламатсызбы кайсы предметтерге басым жасалат кобунчо 6класстар учун

    • Бахромова Ойша

      06.05.2024 20:31

      Англис тили,математика жана орус тилине басым жаралат.

    • Саида

      10.05.2024 14:37

      Математика орус тил англистил

    • Жамал

      12.05.2024 18:15

      Жакшы өзүмдү сынап көрөм

  2. Венера

    06.05.2024 15:04

    Мен баламды кантип катоодон откоро алам балам отличник Бишкек шаарында 42 школдо 6класста окуйт

    • Диана Тургунова

      07.05.2024 00:55

      Сыллкага кирсениз 6 кл конкурсттук тандоо деп турат ошону басып катталып логин парол деген сиздин логин паролунуз ошол жерде сох болот

  3. Гулбахар

    06.05.2024 15:20

    Акылман лицейине каалоочулар баары катыша алабы же мугалимдер тарабынан тандалган окуучулар гана катышабы?
    30-апрелге чейин сайтка катталып сынамык тест тапшырган балам ,эми дагы катталып кайра сынамык тестке тапшырабы?
    Менде ушундай суроо
    Жооп берип койсоңуздар.

    • Азамат Убраимов

      13.05.2024 09:56

      Саламтсызбы
      @akylman.presidential_school аттуу инстаграм баракчасына
      “Акылман” Кабыл алуу — 2024” телеграм каналына катталуу зарыл. Ошол жактан сиздердин суроолоруңуздарга жооп беришет.

  4. Айдай

    06.05.2024 15:33

    Жатаканасы барбы ? Ошолорду дагы коргозуп бересинерби ? Биз озубуз формаларын алабызбы? Ошондо канчасында тапшырабыз тести 11-май куну 14:00 дон 17:00го чейин да ээ?

    • Азамат Убраимов

      13.05.2024 09:56

      Саламтсызбы
      @akylman.presidential_school аттуу инстаграм баракчасына
      “Акылман” Кабыл алуу — 2024” телеграм каналына катталуу зарыл. Ошол жактан сиздердин суроолоруңуздарга жооп беришет.

  5. Ильяз

    06.05.2024 16:52

    Саламатсыз менде эки 3чум бар, катышсам болобу калган барын торт, беш мен Э.Керимгизиев атындагы Темир ном:1 мектебинин 6 класстын окучусу Ш.Ильяз

    • Раяна

      06.05.2024 21:27

      Саламасыздарбы ушул иш чара кайсы райондо болото

    • Азамат Убраимов

      13.05.2024 09:55

      Саламтсызбы
      @akylman.presidential_school аттуу инстаграм баракчасына
      “Акылман” Кабыл алуу — 2024” телеграм каналына катталуу зарыл. Ошол жактан сиздердин суроолоруңуздарга жооп беришет.

  6. Нурзада

    06.05.2024 20:14

    Мен катышсам болобу отличницамын

  7. Жыпара

    06.05.2024 21:05

    Кантип баламды каттасам болот

  8. Hushnud

    06.05.2024 21:14

    Men shul mektepda okushtu kalaym

  9. Мен Рахмидинов Хушнуд

    06.05.2024 21:17

    Мен шул мектепте окушту калайм

  10. Тургунова Диана

    07.05.2024 01:00

    Саламатсызбы тесте канча суроо келет,форманы озубуз алабызбы эгерде 3 турдан дагы отсок бекер окуйбузбу???

    • Азамат Убраимов

      13.05.2024 09:54

      Саламтсызбы
      @akylman.presidential_school аттуу инстаграм баракчасына
      “Акылман” Кабыл алуу — 2024” телеграм каналына катталуу зарыл. Ошол жактан сиздердин суроолоруңуздарга жооп беришет.

  11. Исакунова Эркайым

    07.05.2024 17:11

    Саламатсызбы тестке оор суроолор көпбу канча суроолор болот ? Бекер болобу жэ акысын толойбузбу ?

  12. Ойдиной

    07.05.2024 22:23

    Менхам катнашким келябди кандай кирса болади

  13. Амина Канатбекова

    08.05.2024 09:22

    Саламатсызбы математика,англис тил,орус тилинен башка кайсы тилдер бар?

  14. Жайлообаев Эмир

    09.05.2024 22:59

    Саламатсызбы тест ооо болобу?

  15. Жайлообаев Эмир

    09.05.2024 22:59

    Саламатсызбы тест оор болобу?

  16. Жайлообаев Эмир

    09.05.2024 22:59

    Саламатсызбы тест оорурак болобу?

  17. Жайлообаев Эмир

    09.05.2024 23:00

    Саламатсызбы тест оорурак болобу

  18. Эмнеге формасын өзгөртсө болбойбу шым кийип эле дегендей

    11.05.2024 23:03

    Эмне форма өзгөртсө болбойбу шым кийип алып дегендей жооп берип койсоңор окуп жооп бербей койбой

    • Азамат Убраимов

      13.05.2024 09:51

      Саламтсызбы
      @akylman.presidential_school аттуу инстаграм баракчасына
      “Акылман” Кабыл алуу — 2024” телеграм каналына катталуу зарыл. Ошол жактан сиздердин суроолоруңуздарга жооп беришет.

  19. Айпери

    12.05.2024 13:09

    Саламатсыздарбы жооптору качан чыгат

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM