Биз менен байланышыңыз

Сузак окуясы: шалаакылык үчүн жергиликтүү жетекчилер жаза алды

Коом | 6 мая 2024 | 340 | 0

Сузак районунан Бишкек шаарынын Медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына 10 бала которулуп келген. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, анын ичинен төрт бала кайра жандандыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми Ички иштер министрлиги билдиргендей, бул окуя боюнча бир катар жетекчилер кызматтарынан алынып, 12 кызматкер тартиптик жазаларын алышты. Өспүрүмдөрдү сүзүп кеткен окуя боюнча бардык жагдайларды тактоо үчүн комиссия түзүлүп, учурда иш алып барылууда.

Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы Сузак районунан которулуп келген 10 баланын абалы тууралуу маалымат берди.

Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамалов учурда балдардын абалы туруктуу экенин билдирди.

Айтуусунда, төрт бала кайра жандандыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган. Учурда алардын бирөө гана жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Ошондой эле башкы дарыгер ооруканада балдарга керектүү болгон дары-дармектер жетиштүү экенин белгиледи.

«Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында катталган кырсыктан 32 бала жабыркаган. Анын ичинен 10 бала Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына которулуп келген. Анын ичинен төрт бала кайра жандандыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган. 6-майга карата кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган төрт баланын үчөөнө жогорку квалификациялуу адистер тарабынан операция жасалып ийгиликтүү өттү. Бүгүнкү күндө абалы туруктуу жакшырып калгандыктан травматология бөлүмүнө которулду. Ал эми ошол эле бөлүмдө дарыланып жаткан алты баланын абалы жакшы деп бааланат. Бут-сөөктөрүнөн жабыркаган бир балага кийинки жуманын шаршемби күнүнө операция жасоо пландалууда».

2-майда саат 11:30 чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү эс алуучу жайында манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 адам ар кандай жараат алган.

Абалы оор экени айтылган он бала 3-майда атайын борт менен Бишкекке жеткирилген. Алардын бири баш сөөгү сынган тогуз жаштагы кыздын башына 4-майда операция жасалды.

Окуучуларды сүзүп кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусунун баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, аны үй камагына чыгарган.

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Нурдинбек Жээнтаев Сузак окуясы боюнча бир катар жетекчилер кызматтарынан алынганын маалымдады.

Ошол эле учурда ал коопсуздук маселесин тиешелүү деңгээлде камсыздабаганы үчүн 12 кызматкер тартиптик жаза алышканын билдирди.

«Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан 02.05.2024-жылы Кыргыз Республикасынын КЖКнын 312-бер. 2-бөл. (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) кылмыш иши козголуп, тийиштүү кызматтарга тергөө тапышрмалар берилип, жабыр тарткандарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Тергөө амалдары жүрүгүзүүдө шектүү катары Сузак районунун тургуну 1976-ж.т. Ж.Б. суралып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-бер. негизинде Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына  киргизилген. 04.05.2024-жылы Жалал-Абад шаардык сотунда айдоочу Ж.Б. баш коргоо чарасы каралып, ага карата үй камагы тандалган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат».

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Сузак районунда болгон окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия аталган министрликтин кызматкерлери боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды.

Тактап айтканда, өткөрүлгөн иш-чара учурунда коопсуздук маселесин өз деӊгээлинде камсыздабай жана алдын алуу иш-чараларын так жүргүзбөгөндүгү үчүн жалпы 12 кызматкер тартиптик жазаларын алышты.

Алардын ичинен Сузак РИИБдин башчысы, анын орун басары жана иш-чара өткөрүлгөн аймакты тейлеген Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Андан сырткары Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилик курамына жана Сузак РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн бир нече  кызматкерлерине карата тартиптик чаралар көрүлдү.

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай Сузактагы болгон окуяга элементардык билимдин жоктугун жүйөө келтирди.

Ал иш-чараны уюштуруудан мурун билим берүү министрлиги балдардын коопсуздугун толук кандуу камсыздашы керек деген пикирде.

Айтуусунда, бул окуяда техникалык коопсуздук, жоопкерчилик, Манасты элге жеткирүү маселелери өзүнчө каралыш керек.

«Бул окуяда бир нече көйгөй бар. Алардын баарын бөлүп караш керек. Техникалык коопсуздук өзүнчө маселе, жалпы жоопкерчилик өзүнчө, Манасты кыргыз элине жеткирүү бир маселе, Манасты кыргыз элине кантип жеткирүү керек деген өзүнчө маселе. Коопсуздук жагын алганда, кырсык болуп калган үчүн эле билип калдык. Негизи коопсуздук сакталбаган нерселер күндө эле болот. Бул эми элементардык келесоолук. Ошончо адам турган жерге унааны адамдарды көздөй ылдый каратып койгону туура эмес. Элементардык нерселерди сактабагандык. Бул эми адамдык фактор».

Өспүрүмдөрдү сүзүп кеткен окуя боюнча бардык жагдайларды тактоо үчүн комиссия түзүлгөн.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, комиссиянын курамына министрликтердин, президенттин администрациясынын өкүлдөрү кирди.

Copyright © 2017 Maral FM