11-майга карата бир сутка ичинде 13 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн брифингде билдирди.
Аймактар боюнча алсак:
Бишкек шаары – 11;
Нарын облусу — 2.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 688 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми вирус менен катталгандардын жалпы саны 1016га жетти. Анын ичинен 12си каза болгон.