Биз менен байланышыңыз

АКШда коронавирус жуктургандардын саны 1 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Апр 2020 | 491 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, 28-апрелде кечинде дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын саны 2,944 миллион кишиден ашып, 202,5 ​​миң адам өлгөн. Ал эми, Жонс Хопкинс университетинин учурдагы маалыматына караганда, дүйнөдө 3,116 миллиондон ашык адам илдетке чалдыгып, 217 миңден ашуун адам өлгөн.

Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, тастыкталган учурлардын саны боюнча АКШ лидер бойдон калууда. АКШда илдетке чалдыккандардын саны 1 миллиондон ашты. Өлкөдө коронавирустун курмандыктарынын саны 59 миңден ашуун адамды түзөт.

Экинчи орунда Испания (232,1 миң), үчүнчү орунда Италия (201,5 миң), Франция төртүнчү (169 миң), Улуу Британия бешинчи (162,3 миң). Коронавирус жуктургандардын саны боюнча Орусия сегизинчи катарда.

Copyright © 2017 Maral FM