Биз менен байланышыңыз

Радио жана байланыш кызматкерлеринин күнү — сандар жана фактылар

Кыска кабар | 7 мая 2024 | 139 | 0

7-май, Кыргызстанда байланыштын бардык тармактарынын адистеринин кесиптик майрамы. Бул күнгө байланыштуу Улуттук статистика комитети бир катар фактыларды бөлүштү.

Байланыш статистикасы боюнча алгачкы расмий маалыматтар 1937-жылы Улуу Октябрь революциясынын 20 жылдыгына карата басылып чыккан кыскача статистикалык маалымдамада жарыяланган.

Анда берилген статистикалык маалыматтарга ылайык, 1935-жылдын 1-январына карата өлкөдө 31 почтамт жана байланыш бөлүмү, 197 почта агенттиги, 632 почта ящиги эсепке алынган.

Почта продукциясын айыл жергесинде таратуу ошол кезде атчан 177 адам жана жөө 342 адам кат ташуучулар тарабынан жүргүзүлгөн.

Акыркы он жылда байланыш тармагында маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын кириши менен шартталган чоң өзгөрүүлөр байкалды. Ошол эле учурда мобилдик байланыш тармагына кошулган абоненттердин санынын өсүү тенденциясы байкалды.

Ал эми стационардык байланыштын абоненттеринин саны тескерисинче туруктуу түрдө төмөндөгөн.

2011-жылы 1000 адамга 89 стационардык телефон жана 903 уюлдук байланыш телефону туура келсе, 2023-жылы стационардык телефондордун саны 1000 адамга 26га чейин азайган, ал эми мобилдик номерлердин саны 1073кө жетип, бул мезгил ичинде 1,2 эсеге көбөйгөн.

2023-жылы республиканын аймагында 767 телефон станциясы иштеген, анын ичинен 552си шаар жерлеринде жана 215и айыл жерлеринде.

Ыкчам маалыматтар боюнча, байланыш кызматтарынын көлөмү 2023-жылы 32 млрд сомдон ашыкты түзгөн, ал эми мындай кызматтардын үлүшүнө ИДПнын жалпы көлөмүндө 2 пайыз туура келген.

Байланыш тармагынын жана радио кызматкерлеринин майрамы 1895-жылдын 7-майында орус физиги Александр Попов дүйнөдө биринчи радиоприемникти дүйнө коомчулугуна жарыя кылгандан кийин түзүлгөн.

XX кылымда маалымат каражаттарынын ичинен радио өзгөчө орунду ээлеп келсе, XXI кылымда интернеттин, заманбап технологиялардын өнүгүшү менен бул каражат өзүнүн актуалдуулугун жоготуп бараткан сыяктуу.

Copyright © 2017 Maral FM