Биз менен байланышыңыз

Дүйнө: Коронавирус жуктургандардын саны эки миллионго чукулдады

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Апр 2020 | 625 | 0

Дүйнө жүзү боюнча COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 1 млн 900 миңден ашты. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди.

Пневмонияны козгоочу бул дарттан каза тапкандардын саны 118миңден ашты. Ал эми бул илдеттен айыгып кеткендердин саны 300 миңден ашык. Вирустун жайылуусу жана өлүмдүн көп катталуусу боюнча учурда АКШ тизменин сап башында. Андан соң, Испания турат. Бирок акыркы эки суткада Испанияда өлүм катталган учурлар кыскара баштаганы айтылууда. Үчүнчү тизмеде Италия.

Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус тарабаган өлкөлөрдүн тизмесин да жарыялады. Алардын арасында Борбор Азиядан Тажикстан жана Түркмөнстан бар.

COVID-19 вирусу катталбаган өлкөлөр (тизме)

Copyright © 2017 Maral FM