Биз менен байланышыңыз

COVID-19 вирусу катталбаган өлкөлөр (тизме)

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Апр 2020 | 5876 | 0

Бир да жараны COVID-19 илдетине чалдыкпаган өлкөлөр айтылды. Тизмеде Борбор Азиянын эки өлкөсү бар. Бул тууралуу Аль-Жазира маалымат булагы жазып чыкты.

Маалыматка таянсак, коронавирус илдети Тынч океандын тегерегинде аз катталган.

Коронавирус илдети катталбаган өлкөлөр:

—  Түркмөнстан;

— Тажикстан;

— Түндүк Корея;

— Түштүк Судан;

— Түштүк Африкадагы Коморы мамлекети;

— Тынч океанда жайгашкан мамлекеттер Кирибати, Маршаллов аралы, Науру, Палау, Тонга, Тувалу, Вануату, Соломонов аралы;

— Бийик тоолуу Лесото падышалыгы;

— Океандагы мамлекет Микронезия;

— Самоа;

— Экваторго жакын жайгашкан Африка өлкөсү Сан-Томе жана Принсипи;

Коронавирус илдети 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында чыккан. Андан көп өтпөй дүйнөнүн башка өлкөрүнө да тездик менен тарады. 11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму инфекцияны пандемия деп атады. Учурда дүйнөдө илдетке чалдыккандардын саны 1,8 миллондон ашып, 114 миңден ашуун адам көз жумду.

Эске салсак, окумуштуулар иштеп чыккан онлайн картада жарыяланган маалыматтар боюнча АКШда вирусту жуктуруп алгандар 557 571 адамга жетип, алардын 22 миңден ашыгы каза болгон. Ал эми АКШдан кийинки орунда Испания жайгашкан, ал жакта 167 миң адам илдетке чалдыккан.

Соңку маалымат боюнча, 13-апрелде Кыргызстанда COVID-19 дагы 42 адамдан табылды. Жалпы ооруга чалдыккандардын саны 419 болду. Андан беш киши каза болду, 67 бейтап айыгып чыкты.

Кыргызстан боюнча обсервацияда жаткандардын саны – 1025 адам.

Copyright © 2017 Maral FM