Биз менен байланышыңыз

Боронов: COVID-19га тапшырылган анализдердин жыйынтыгы 1 суткада чыгышы керек

Кыска кабар | 31 мая 2020 | 970 | 0

Нарында коронавируска карата алынган анализдердин жыйынтыгы 3-4 күнгө созулуп жатат. Ар бир аймакта COVID-19 дартын жуктуруп алгандар менен байланышта болгон жактардан алынган ПЧР-анализдин жыйынтыгы 1 сутка ичинде чыгарылышы зарыл. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Нарын аймагындагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөөнү күчтөндүрүү керек. Бул максатта регионго саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев жөнөтүлдү. Мындан тышкары жакынкы күндөрү борбордон регионго тажрыйбалуу вирусолог жана ПЧР-анализ алууга кошумча жабдуу жөнөтүлсүн. Учурда ал аймакта анализдердин жыйынтыгы 3-4 күнгө созулуп кетүүдө, ал эми штабдын талабы боюнча, оорулуулардын анализинин жыйынтыгы 1 суткадан кечиктирилбестен чыгарылышы зарыл. Мунун өзү оорунун жаңы учурларын кыскартууга шарт түзөт, — деп билдирди Кубатбек Боронов.

Кеңешмеде биринчи вице-премьер тийиштүү мамлекеттик органдар коомдук саламаттыкты камсыздоо иретинде коомдук жайларда жана ири соода түйүндөрүндө Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан сунушталган санитардык-гигиеналык талаптар так сакталышын камсыздоо зарыл экендигин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM