Биз менен байланышыңыз

Орусиянын шаарларынан келген 161 жарандан COVID-19 вирусу аныкталган

Кыска кабар | 28 мая 2020 | 1030 | 0

Орусиянын шаарларынан келген мекендештерибизден коронавирус илдети аныкталган учур жалпысынан 161ге жетти.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсенбаев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан, COVID-19 вирусу менен Соль-Илецктен келгендердин арасынан – 101, Бузулуктан — 8 жана Россия Федерациясынан келген курсанттардын ичинен — 52 учур катталган.

Бүгүнкү күндө Республика боюнча жалпысынан COVID-19 вирусу аныкталган учур 1594кө жетти.

Copyright © 2017 Maral FM