Биз менен байланышыңыз

СOVID-19: 7-майда жаңы 24 учур катталды

Кыска кабар | 7 мая 2020 | 554 | 0

Бүгүн, 7-майда республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 24 учуру катталды.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Өкмөттө өткөн брифингде билдирди. Катталгандардын көбү Нарын облусунан.

Дагы 3 медициналык кызматкердин оору жугузуп алганы аныкталган.

Жалпысынан алганда Кыргызстанда аталган ооруга кабылгандардын саны 895 учурга жетти.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, бүгүн сутка ичинде 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 637 бейтап оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM