Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 10 медкызматкер сакайып чыкты

Кыска кабар | 10 мая 2020 | 678 | 0

Акыркы суткада өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, ал — Бишкек шаарынан. Ал эми стационарлардан 10 медкызматкер сакайып чыкты.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 232 учур катталды, алардын ичинен 176 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1002ге жетти. Бүгүнкү күндө 675 бейтап сакайып чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM