Биз менен байланышыңыз

Ыкчам штаб: Бишкекте COVID-19 вирусун жуктуруу тобокелдиги жогору

Кыска кабар | 28 мая 2020 | 1251 | 0

COVID-19 илдетин жуктуруу тобокелдиги Бишкекте жогорулап жатат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабда Бишкек шаарындагы, Чүй жана Нарын облустарындагы эпидемиологиялык кырдаал талкууланып жатканда айтылды.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, борбор калаада коронавируска кабылгандар менен түз байланышта болгондугу аныкталбаган жактардын инфекцияны жуктургандыгы катталууда. Алардын жуктуруу себеби аныкталып жатат, ар бир учур боюнча эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүлүүдө.

Жарандар коронавируска чалдыккандар менен түз байланышта болбой туруп жана кайда, качан жугузганын билбей, вирустун белгилери бар болгондуктан медициналык мекемелерге өздөрү кайрылган фактылар көп кездешүүдө. Бул жуктуруу очогунун кеңейип жатканын күбөлөндүрөт. Санитардык талаптар, үй карантини, обсервация режими жана башка бекитилген ченемдер катуу сакталышы үчүн коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл. Шалаакылык үчүн ар ким жооптуу экендигин эсиңерден чыгарбагыла. Кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбоо керек, инфекцияны жуктуруунун күтүүсүз күчөшүнө жол бербөө зарыл. Коомдук жайларда, коомдук унааларда, адамдар көп топтолгон жерлерде жарандар жеке коопсуздугу үчүн беткап тагынууга тийиш, — деди Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө тармактык мамлекеттик органдар менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана тигил же бул аймактагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен алдыдагы туристтик сезондун бардык маселелерин иштеп чыгуу зарылдыгын кошумчалады.

Жыйында белгиленгендей, COVID-19 менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине эмгек акы жана компенсацияларды төлөө өз убагында жана эч бир кечиктирүүсүз жүргүзүлүшү шарт.

Республикалык штаб жарандарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого, көп адамдардын катышуусундагы иш-чараларды уюштурбоого жана барбоого чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM