Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров вакцина алуу зарылдыгын түшүндүрүүнү күчөтүүнү тапшырды

Кыска кабар | 28 Окт 2021 | 464 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү.

Кеңешмеде учурдагы эпидемиологиялык абал талкууланып, аймактардагы эмдөө темпи жана билим берүү мекемелериндеги абал тууралуу маалымат угулду.

Акылбек Жапаров жарандар арасында вакцина алуу зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн жана күчөтүү маанилүү экенин айтты.

Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө жеке коргонуу каражаттарынын жана дары-дармектин запасына тийиштүү маселе талкууланып, калктын социалдык жактан аяр катмарына ПЦР-анализдерди акысыз негизде же жеңилдиктер аркылуу берүү сунушу каралды.

Copyright © 2017 Maral FM