Биз менен байланышыңыз

22 бейтап коронавирус илдетинен айыгып чыкты

Кыска кабар | 29 мая 2020 | 563 | 0

Мурда коронавирус илдетине чалдыккан 22 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды. Алардын 16сы Бишкек шаарынан, Ош облусунан – 1 жана 5 бейтап Нарын облусунан. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары нурболот Үсөнбаев билдирди.

Акыркы сутка ичинде 2 494 изилдөө жүргүзүлгөн. COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 222 деп айтылууда. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал экенин министрдин орун басары эскерет.

Ушул тапта Кыргызстан боюнча 2 467 адам обсервацияда жатат.

2020-жылдын 29-майына карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын жалпы саны 1662ге жетти. Алардын ичинен 1088 бейтап сакайып чыккан. Учурда 558 адам стационарда, алардын ичинен 6 бейтап жандардыруу бөлүмүндө жатат. Коронавирус оорусунан өлкө боюнча 16 адам каза тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM