Биз менен байланышыңыз

Орозалиев: Өткөрмө уруксат кагазын жасалмалоо боюнча 42 факт аныкталды

Кыска кабар | 10 Апр 2020 | 376 | 0

Бишкекте өзгөчө абал киргизилгенден бери (25-марттан бери) 28 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгынан 39 адам жабыркаган. Анын ичинде 3 жаш өспүрүм бар.

Ошондой эле, бүгүнкү күндө өткөрмө уруксат кагазын жасалмалоо боюнча 42 факт аныкталып, алар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Бишкекте 25-марттан 9-апрелге чейин 633 кылмыш жана жорук катталып, анын ичинен 563 кылмыш жана жоруктун бети ачылган.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM