Биз менен байланышыңыз

Бишкекте тартип бузган 157 жаран кармалды, алардын үчөө өспүрүмдөр

Кыска кабар | 28 Мар 2020 | 457 | 0

“27-мартта саат 20:00дөн 28-мартта саат 7:00гө чейин борбор калаада 157 тартип бузган жаран кармалды. Бул тууралуу брифинг учурунда Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Маалыматка караганда, кармалгандардын ичинен 23 аял, 133 эркек, анын ичинде 1 чет элдик жаран жана 3 өспүрүм бар.

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек шаарында, Ош шаарында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда жана Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилди.

Өзгөчө абал учурунда жарандардын көчөдө каалагандай жүрүүсү чектелет. Кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин эч кайда чыкпоо эскертилүүдө. Себеби бул мезгил аралыгында коменданттык саат жарыяланган.

28-март: эреже бузган 223 жаран кармалды

Copyright © 2017 Maral FM