Биз менен байланышыңыз

28-март: эреже бузган 223 жаран кармалды

Кыска кабар | 28 Мар 2020 | 1209 | 0

Коменданттык сааттын 3-күнүндө, тактап айтканда бүгүн, 28-мартка караган түнү саат 20:00 — 07:00 аралыгында эреже бузган 223 адам милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, 11 автоунаа токтотулган.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул иш-чаралар өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда жүргүзүлгөн.

Алардын ичинен:

— Бишкек шаары боюнча 157;

— Ош шаары боюнча 21;

— Жалал-Абад шаарында 20;

— Сузак районунда 6;

— Кара-Суу районунда 15;

— Ноокат районунда 4 адам кармалган.

«Аларга коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузганы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталабоо эскертилип, коменданттык саат аяктаганда бошотулду. Жалпысынан алганда 3 күндүн ичинде өлкө аймагында 784 жаран коменданттык сааттын эрежелерин бузганы үчүн милиция тарабынан кармалды», — деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Аларга профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык саат аяктаган соң, үйлөрүнө жиберилген.

  • ИИМ «Өзгөчө абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык 26-беренеде каралган тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармала турганын, жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча 3 суткадан ашпаган мөөнөткө кармала турганын эскертет.

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын-алуу максатында 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек шаарында, Ош шаарында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда жана Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилди.

18-марттан бери Кыргызстанда коронвирус боюнча 58 жагдай катталган.

Copyright © 2017 Maral FM