Коменданттык сааттын 3-күнүндө, тактап айтканда бүгүн, 28-мартка караган түнү саат 20:00 — 07:00 аралыгында эреже бузган 223 адам милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, 11 автоунаа токтотулган.
ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул иш-чаралар өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда жүргүзүлгөн.
Алардын ичинен:
— Бишкек шаары боюнча 157;
— Ош шаары боюнча 21;
— Жалал-Абад шаарында 20;
— Сузак районунда 6;
— Кара-Суу районунда 15;
— Ноокат районунда 4 адам кармалган.
«Аларга коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузганы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталабоо эскертилип, коменданттык саат аяктаганда бошотулду. Жалпысынан алганда 3 күндүн ичинде өлкө аймагында 784 жаран коменданттык сааттын эрежелерин бузганы үчүн милиция тарабынан кармалды», — деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.
Аларга профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык саат аяктаган соң, үйлөрүнө жиберилген.
- ИИМ «Өзгөчө абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык 26-беренеде каралган тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармала турганын, жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча 3 суткадан ашпаган мөөнөткө кармала турганын эскертет.
Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын-алуу максатында 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек шаарында, Ош шаарында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда жана Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилди.
18-марттан бери Кыргызстанда коронвирус боюнча 58 жагдай катталган.