Биз менен байланышыңыз

Учурда кайсы көчөлөрдө транспорт кыймылы чектелди?

Кыска кабар | 27 Мар 2020 | 524 | 0

Азыркы учурда Жибек Жолу, Осмонкул, Салиев, Курманжан датка, 7-апрель көчөлөрү менен чектешкен аймактарда санэпидемиологиялык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат, буга байланыштуу бул аймактарда транспорт кыймылы чектелет. Бул тууралуу брифинг учурунда Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Маалыматка караганда, карантиндик тилкелер бара-бара башка тилкелерге алмашылмакчы.

Бишкек шаары боюнча коомдук коопсуздук туруктуу жана көзөмөлгө алынган. Коронавирус инфекциясын жайылтпоо максатында борбор калаада жалпы 117 санитардык-карантиндик пост каралды. Анын ичинен, шаардын кире бериш жерлеринде 15 чоң пост, 26 санитардык-карантиндик пост жана 76 кичине блок пост коюлду.

Алардын катарында Бишкектин төрт району боюнча ички көчөлөрүнө 41 санитардык-карантиндик пост коюлган.

Өзгөчө абал: Кимдер жумушун уланта алат? (тизме)

Copyright © 2017 Maral FM