Биз менен байланышыңыз

Өзгөчө абал: Кимдер жумушун уланта алат? (тизме)

Кыска кабар | 26 Мар 2020 | 6850 | 1

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын-алуу максатында 25-марттан тарта Бишкек шаарында, Ош шаарында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда жана Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилди.

Буга байланыштуу көпчүлүк жумуш орундары кыскартылып, коомдук транспорттор жана такси кызматтары токтотулган.

Ошентсе да, өзгөчө абал режими учурунда зарыл болгон ишкерликтин түрлөрүнө уруксат берилген.

Өкмөт өнөр жай товарларын жана техниканы онлайн режимде сатууга өтүүнү сунуштайт. Бул туурасында 26-мартта КР вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө абал тартиби учурунда төмөндөгүдөй ишмердүүлүктөрдү жүргүзсө болот (өндүрүү, ташуу, сатуу жана ишке ашыруу):

  • Азык-түлүк продукциясы, табигый бойдон, ошондой эле кайра иштетилген, таӊгакталган жана башка абалда.
  • Дары-дармек каражаттары жана тийиштүү буюм-тайымдар — бет каптар, халаттар жана башка.
  • Күйүүчү-майлоочу материалдар жана газ баллондор.
  • Турак жай-коммуналдык чарба боюнча бардык кызматтардын түрлөрү.
  • Жеке менчик кайтаруу уюмдары.
  • Айрым бажы уюмдары.
  • Коммуникация чөйрөлөрү — ТВ, радио, уюлдук тармак, интернет кызматтары, ошондой эле техникалык тейлөө.
  • Бардык медициналык мекемелердин, коммерциялык банктардын ишмердүүлүгү.

Өзгөчө абал режиминде төмөнкүлөрдү өндүрүү, ташуу жана сатууга уруксат берилет:

— табигый, чийки жана кайра иштетилген түрдөгү тамак-аш жана азык-түлүк продуктулары, анын ичинде таңгактоочу жана башка коштоочу өндүрүмдөр;

— дары-дармектер жана медициналык каражаттар;

— күйүүчү-майлоочу материалдар жана аларга тийиштүү буюмдар, газ баллондор.

Ири дүкөндөр 18:00гө чейин гана иштейт

1 пикир

1 пикир

  1. Эдил

    26.03.2020 23:50

    Медиктерден сырткары банк кызматкерлеричи. Алар учуп барабы? РСК банктагылар жумушчуларын эмнеге дем алуусуз иштетип жатышат түшүнгөн жокмун.Карантин деп коюп банкты жаппаса көчөдөгү көрүнгөндүн баары бара беришпейби. Карындашым үйдөн иштеген жерине чейин эптеп-септеп барып келип атат. Өкмөткө берген бир аз акчасын ушунтип жөнөкөй кызматкерлеринен сыгып алалы дегени го. Же транспорт менен камсыз кылышпайбы акмактар ичип-жегенди эле билишет.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM