Биз менен байланышыңыз

Ири дүкөндөр 18:00гө чейин гана иштейт

Кыска кабар | 26 Мар 2020 | 1549 | 0

Кечээ, 25-марттан баштап Бишкек шаарына өзгөчө абал режими киргизилген. Буга байланыштуу борбор калаадагы чоң дүкөндөр иштөө режимин өзгөрттү.

Маалыматтарга караганда, көпчүлүк дүкөндөр саат 09:00дөн 18:00гө чейин, айрымдары саат 08:00-18:00 же 09:00-18:30гө чейин ачык болот.

Белгилүү болгондой, «Глобус», «Фрунзе», «Народный» дүкөндөр түйүндөрү 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын-алуу максатында 25-марттан тарта Бишкек шаарында, Ош шаарында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда жана Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилди.

Өзгөчө абал учурунда жарандардын көчөдө каалагандай жүрүүсү чектелет. Кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин эч кайда чыкпоо эскертилүүдө. Себеби бул мезгил аралыгында коменданттык саат жарыяланган.

Бишкекте дезинфекциялоо үчүн жабылган көчөлөрдүн тизмеси

Copyright © 2017 Maral FM