Биз менен байланышыңыз

Бишкекте дезинфекциялоо үчүн жабылган көчөлөрдүн тизмеси

Кыска кабар | 26 Мар 2020 | 1509 | 0

Бишкектин көчөлөрүн дезинфекциялоонун алкагында унаалардын кыймылын азайтуу максатында бир катар көчөлөр жабылды. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.

Дезинфекцияланып жаткан көчөлөр:
• И.Ахунбаев;
• В.Чапаев;
• Жаш Гвардия бульвары;
• Жибек Жолу;
• Осмонкул;
• У.Салиева;
• Курманжан датка.

Кошумчалай кетсек, 25-март күнү ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан “Мадина”, “Аламедин”, “Орто-Сай” жана “Ош” базарларында дезинфекциялоо иштерин жүргүзүшкөн.

Кошумчалай кетсек, 18-марттан 25-март аралыгында өлкө боюнча коронавирус жуктурган 44 учур аныкталган.

Бишкекте 120 пост коюлду

Copyright © 2017 Maral FM