Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 120 пост коюлду

Кыска кабар | 26 Мар 2020 | 477 | 0

Бишкекте коомдук коопсуздукту сактоо максатында жалпы 120 пост коюлду. Бул тууралуу брифинг учурунда ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.

Борбордун аймагында орнотулган 120 көзөмөл тосмонун ичинен:

  • чоң блокпосттор — 15;
  • санитардык-карантиндик блокпосттор — 26;
  • кичине блокпосттор — 76.

Андан тышкары Бишкек шаарында райондор аралык жөө патрулдар коюлган: Ленин району боюнча — 20, Свердлов району боюнча — 15, Октябрь району боюнча — 30, Биринчи май району боюнча — 25.

Коменданттык саат: Бишкекте тартип бузган 195 жаран кармалды

Copyright © 2017 Maral FM