Биз менен байланышыңыз

Коменданттык саат: Бишкекте тартип бузган 195 жаран кармалды

Кыска кабар | 26 Мар 2020 | 518 | 0

26-мартка караган түнү Бишкек шаарында коменданттык саат эрежесин бузуп, көчөгө чыккан 195 адамды милиция кармаган. Бул тууралуу брифинг учурунда ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.

Кармалгандардын арасында: 163 эркек, 14 аял, 6 өспүрүм болгон. Ошондой эле кармалгандардын 18и чет өлкөлүк жаран. Алардын баарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Калааны 70тен ашык милиционер кайтарып, Бишкектин комендатурасына 200гө чукул телефон чалуу түшкөн.

Мэрия Бишкектин комендатурасынын чалуу борбору күнү-түнү иштей турганын эскертип, телефон номерлерин жарыялады. Алар: (0312) 660710, 660248, 662134.

Ал эми Кыргызстандын Бишкектен башка аймактары боюнча Ошто 25, Жалал-Абадда 10, Сузакта 26, Ноокатта 11 жана Кара-Сууда 55 адам кармалды.

Кошумчалай кетсек, 18-марттан 25-март аралыгында өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учуру аныкталган.

Бишкекте 120 пост коюлду

Copyright © 2017 Maral FM