Биз менен байланышыңыз

Казакстанда 2 жарандан коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Мар 2020 | 1122 | 0

Казакстанда 2 жаран коронавируска кабылганы аныкталды. Мындай маалыматты Нур-Султанда өткөн жыйында өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов ырастаган.

Текшерүүлөрдөн соң 2 жарандан коронавирус аныкталды. Алар жакында эле Германиядан келген казакстандыктар,- деди Биртанов. Министр медицина кызматкерлери мындай жагдайга даяр экендигин кошумчалады.

Маалыматка караганда, бейтаптар ооруканага жаткырылган. Алардын бири 9-мартта, экинчиси 12-мартта учуп келген. Учурда бейтаптар контакт түзгөн адамдар да текшерүүдөн өтүп, 14 күндүк карантинге алынган.

Ошондой эле, Казакстанда 12-марттан тарта 4-апрелге чейин мектептер жабылган.


Кытайдан башка өлкөлөрдө 55 миңдей адам коронавирус илдетин жуктуруп алышкан


Кошумчалай кетсек, 11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөгө коронавирусту пандемия деп жарыялады.

Copyright © 2017 Maral FM