Биз менен байланышыңыз

Кытайдан башка өлкөлөрдө 55 миңдей адам коронавирус илдетин жуктуруп алышкан

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Мар 2020 | 621 | 0

13-мартка карата COVID-19 вирусун 136 миңге жакын киши жуктурду. Алардын 5 миңдейи каза болду. Коронавируска кабылгандардын 55 миңге жакыны Кытайдан тышкаркы мамлекеттерде катталышты. Вирустун очогу болгон Кытайда коронавирустун жайылышы басаңдап, абал турукташып калды. Кытайда жалпы 81 003 адам вирусту жуктуруп алуу фактысы менен катталды. Алардын 3181и каза болсо, 64 216сы айыккан.

Ал эми Европада коронавирус кулачын жаюуда. Алсак, Италияда абал курч, 15 113 адамдан коронавирус аныкталса, алардын 1016сы илдеттин кесепетинен өлүмгө дуушар болгон. Франция менен Германияда да абал күн сайын оорлошуп барат.

Иранда вируска кабылгандардын саны 10 075 болсо, каза болгондордун саны — 429 адам. Ал эми Орусияда 34 адамдан коронавирус аныкталып, 1 бейтап каза болду. Вирус жуктургандар круиздик лайнерден алынып келинген жарандар.

Кошумчалай кетсек, 11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөгө коронавирусту пандемия деп жарыялады.

Copyright © 2017 Maral FM